Бишкек-Ош жолунда кар көчкү катталды
Новость

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука—Жаны-Базар—Кировка унаа жолунун 88 чакырымына кар көчкү түштү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, көчкүнүн көлөмү болжол менен 700 куб метрди түзөт. 

Учурда жол атайын унаалардын жардамы менен тазаланып жатат. 

Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында да таңга маал кар көчкү түштү. 

Маалыматка ылайык, 7200 метр куб көлөмдөгү көчкүдөн улам жол убактылуу жабылды. 

 Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 106-чакырымында кар көчү түшүп, учурда жолдор тазаланып жатат. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.