Жер силкинүүдөн жабыркагандарга жардам келди
Новость kyrtag

Белорусь өлкөсү жиберген 10 тонналык гуманитардык жардам Ош шаарына келди. Жардам 2015-жылдын ноябрь айындагы жер силкинүүдөн жабыркаган Ош облусунун тургундарына таркатылат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

POST1RIGHT Анда айтылгандай, кыргыз элине материалдык колдоо көрсөтүү демилгеси Белорусиянын коргоо министрлиги тарабынан ишке ашкан. 10 тонналык гумжардамда: 3 миң жылуу төшөк, көрпө жана жашоо-шартка ыңгайлашкан толук жабдуусу менен жыйырма чатыр бар.