Өрттөн каза болгон 6 мекендештин сөөгү Москвадан алынып келинди
Новость www

 Бүгүн  таңкы, саат 7де Москва-Ош аба каттамы аркылуу Мосвкадагы өрттөн каза болгон 6 мекендештин сөөгү алынып келинди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

POST1RIGHT Министрлик каза болгондордун жакындарына "КамАз" жана "Нива" үлгүсундөгү эки авто унаа бөлүп берди. Унаалар жети жарымда Ош аба майданынан Баткен облусуна жөнөп кетти. 

Калган 4 кыргызстандыктын сөөгү "Жүк-200" учагы аркылуу эртеңкиге чейин алынып келинет. 

 POST2LEFT Москвадагы тилсиз жоодон мерт кеткен мекендештердин сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн өкмөт 700 миң сом бөлгөн.

 Эске салсак, 30 январдын түнү Москва шаарындагы тигүүчү цехтен чыккан өрт кырсыгы 8 кыргыз, эки Орусиянын жарандыгын алган этникалык кыргыздын өмүрүн алган.