Орусиядагы мекендештерге көрсөтүлчү кызматтар кеңейди. Бул мекендештердин убактысын, каражатын үнөмдөйт. Жумуштар Мамлекет башчысынын Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин ыкчамдатылды.
Балыкчы-Барскоон жолун оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Жол салуу жумуштары башталганына жыйырма күнгө жакындап калса да жолчулар көлөмдүү жумушту аткарып жетишти. Учурда асфальт төшөөгө чейинки иштер жасалууда. Бул жолду ата мекендик жол куру ишканасы ишке ашырууда. Балыкчы-Барскоон жолун оңдоо...
Нью-Йорк соту “Кумтөрдү” банкрот деп табуу боюнча "Центерранын" өтүнүчүн карайт. Буга чейин сот канадалык компаниянын арызын кароодон баш тартып, соттук отурум 17-августка жылдырылган. Эколог, активисттердин Нью-Йорк сотунан адилеттүү чечимди талап кылган тынчтык митинги бүгүн...
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей Ооганстандагы коомдук жана саясий туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер ыкчам колго алынды. Министрлик жана элчиликтин жардамы менен өлкөнүн 9 жараны мекенине эвакуация болду. Калган бардык жарандар коопсуз жайда т...
Кыргызстандык балбан Стамбул Жаныбек уулу Россияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. 74 кг салмакта күч сынашкан Стамбул 1/8 финалдык баскычта ирандык спортчуну утуп, экинчи жолугушуусунда латвиялык балбанды жеңип алган. Жарым финалдык беттеште Стамбул Жаны...
Бүгүн, 17-августта Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымында (Кубакы ашуусу) жол кырсык болуп, адам өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц-Спринтер» менен «МАН» үлгүсү...
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетинин ботаникалык бакчасында эл аралык айыл чарба боюнча Корея программасынын борбору ачылды. Мында жашылча жана мөмө жемиштер тамчылатып сыгаруу системасы менен өстүрүлөт.Бул “айыл чарба демонстрациялык талаасы" долбоорунун алкагында ишке...
Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарында № 2027 аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын жоокери нөөмөттө турган кезде өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Учурда ал Ноокен райондук ооруканасында дарыланып жатат. "Ок жоокердин сол тарабына тийген. Анын абалы канааттандырарлы...
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл соңуна чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.Айтымында, азыр 586 миң адам эмдөөдөн өттү. “Вакцинаны толук...