Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы медициналык мекемелер...
Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү. Муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда. Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайы...
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 25-январга карата конуштардын тургундарына 999 техникалык паспорт берилген. «Жер-Ынтымагы» конушу боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 10 учурда четке кагылган, 1012 техникалык паспорт берилген.Ошондой эле, Ала-То...
Ошто жүрөккө өзгөчө операция жасалды. Аны Орусияда иштеген мекендеш-дарыгер ишке ашырды. Оштогу жеке клиникалардын биринде 63 жаштагы жарандын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды. Аны 10 жылдан бери Орусияда эмгектенген дасыккан кыргыз дарыгери, Оштогу кесиптештери менен биргеликте жүзөгө ашырд...
Өлкөдө 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ыс...
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Доха шаарында 2022-жылдын 13-22-январында өткөн 31-чи Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты.Кыргызстандын павильонунда чет тилдерге которулган, анын ичинде араб тилине которулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун китептери көргөзүлдү. Кыргызстандын п...
2021-2026-жылдарга Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын кон...
Баткен облусуна берилген макам жана жеңилдетилген мамлекеттик, муниципалдык кызматтардан тышкары, облустун чек арага жакын жайгашкан 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2 миң сомго көтөрүлөт. Ошондой эле, жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага...
Былтыр кургакчылыктын айынан түшүмдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Быйыл андай абалга кептелбеш үчүн алдын ала чаралар көрүлүп, каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу иштери эрте башталды. Министрлер Кабинети тарабынан бардык иштерди 8-мартка чейин жыйынтыктоо тапшырмасы берилген.Алам...
"Омикрон" балдарга жукканда эле алсыратып, аларды күнүмдүк жашоо образынан ажыратат. Табити тартпай, көпчүлүктү жактырбай чыргоолонот. Мындай учурда ата-энеси дароо дарыгерге кайрылып же баланы жылуу кармап, суюктукту көбүрөөк бериши керек. Балдар ооруганда буга чейинки айтылып жүргөн дене...
Февралдан баштап республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен Төрагасы Акылбек Жапаровдун атайын тескемеси чыкты. Анын негизинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду даярдык көрүүдө. Азыркы тапта калкка берилчү ундун жарымы даяр болуп калды, ка...
Ысык-Көл облусундагы 61 айыл өкмөт санариптештирүү долбоорунун алкагында негизги үч программа менен иш алып барууда. "Санарип аймак", "е кызмат" жана "электрондук документ" жүгүртүү программалары боюнча алыскы аймактардагы адистер атайын окуулардан өткөрүлгөн.Ак-Суу рай...
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду былтыр маданият тармагына 39 млн сом бөлдү. Тоң районундагы Төрт-Күл айылында сметалык баасы 14 млн 933 миң сом маданият үйүнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди. Ушундай эле маданият үйүнүн курулушу Темир-Канат айылында башталды. Ал 17 млн 923 миң сомго баала...