Бишкек мэриясы Казакстандагы окуяларда жапа чеккен кыргызстандыкка колдоо көрсөттү
Новость www

Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү. Муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. 

Азыр ал  Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда. Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт.