10-февралдан тарта Франциянын "М 6" телеканалы Кыргызстанда былтыр жай жана күз айларында тартылган “Бээжин экспресс” реалити-шоусунун 15-сезонун көрсөтүп баштады. Телешоуга Франция, Бельгия жана Монако өлкөлөрүнөн катышышкан. Оюндун шарты боюнча жол тосуп Соң-Көлдөн Бишкеке чейин, андан ары Өзгөн ш...
Алай районунда жер титиреген учур катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда саат 23:41де, Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Силкинүү Алай районунун Нура айылында 3 баллга, Эркечтам айылы...
Бишкек шаарынын аймагында жол эрежелерин бузган 5 миң 558 факты аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 92 киши мас абалында автоунаа башкарып бара жатып кармалса, 12 айдоочу автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алган. 47 киши айдоочулук кубөлүгү жок эле авт...
Кыргызстанда 14-февралга карата коронавирус 46 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 31, Чүй облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 236 адам илдеттен...
14-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 608 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 159 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 457 куб метрге жетүүдө.
Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Үй музей акыркы жолу 20 жыл мурда оңдолгон. Учурда үй музейде эки миңден ашык экспонат бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытыл...
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-мартка кезексиз мамлекет башчысын шайлоо тапшырмасын койду. Ал өлкөнү башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирди. "Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекеттик башкарууга жолду руханий чөйрөдө, замандын бийик талабына...
Туура тамактануу жашоону 10 жылга узартат. Бул тууралуу Норвегиянын Берген университетинин окумуштуулары билдиргенин PLOS Medicine журналы маалымдады. Алар жаш курагы өтө жогору эмес миңден ашык эркектер менен аялдар катышкан ири изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышкан. Окумуштуулар тамактануудагы өзг...
Өткөн суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган. Ооруну жуктургандар Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 7 адам. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктурганд...
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда көз жумду. Аны менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, коштошуу зыйнаты 14-февраль күнү саат 10:00д...
Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 12-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад,...