Инвесторлорго шарт түзүү зарыл
Новость

Ишкер менен инвесторлордун ортосунда аянтча түзүү зарыл. Бул маселе Бишкекте өткөн Экономикалык форумда көтөрүлдү. 

Иш-чара бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирип, бирге иш алып барууга жол ачуу максатын көздөйт.  Форумга 600дөй чет элдик жана жергиликтүү ишкерлер катышты. 

Форумдун катышуучулары Кыргызстанда бизнес үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөнүн белгилешти. 

Экспортко чыга турган товарларды өндүрүүнү кеңейтүү зарылчылыгы бар. 

Экономиканын бардык багыттарына көңүл бөлүп, кайра иштетүүнү колго алуу керектиги да айтылды.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"