Туристтик борборго айлануу башатында турган Балыкчы
Новость

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында инфратүзүмдү жакшыртуу жана элге шарт түзүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатат. Ушул жылдын апрель айында Балыкчы шаарынын автобекетин оңдоо иштери башталган. Бүгүнкү күнү анын курулуш иштери аяктоо этабында келди. Автобекеттин жалпы аянты 1,5 миң чарчы метр. Ал эми өзгөчөлүгү анын мейманканасы да болот. Ошону менен автобекетте бир гана жүргүнчүлөргө эмес, кызматкерлерге да бардык шарт каралды.

Шаарды толук ирээтке келтирүү максатында эки базар жаңы жерге көчүрүлмөкчү. Бүгүнкү күнү муниципалдык базар салына турган жерге мезгил кутучасы салынган. Калаа башчысы Баатырбек Жантаевдин айтымында, жаңы базардын курулушу бул - замандын талабы. Ушундай жол менен шаар тыгындан жана башаламан соодадан арылат, тазалык дагы жакшырат. Ал эми ишкерлерге жагымдуу шарт түзүлөт. 

 Буга кошумча калаа бийлиги жеке уюмдарга да өздөрү жайгашкан жакынкы аймакты көрктөндүрүүгл тапшырма берген. Маселен, «Кумтөрдүн» Балыкчыдагы өткөөл базасы өздөрүнө тийген аймакты көрктөндүрүп жатат. Буга кошумча, чакан паркты жашылдандырууга да киришти. 

Балыкчы шаарын жакшыртууга 1 млрд сом бөлүнүп, ал каражат 7 ири долбоорду жүзөгө ашырууга жумшалып жатат. Алардын бири бул балык базарга бөлүнгөн. Балыкчыдагы айланма жолдун боюнда жайма базар болгон болсо, эми келээрки жайкы мезгилге сатуучулар жаңы базарга көчүп келишет. Эми анда бир гана балык эмес, жер-жемиштер да сатылмакчы. 

Муну менен катар приоритеттүү тармактарга саламаттык сактоо да кирген. Балыкчылыктар медициналык кызматтарды толук ала турган жаңы медициналык мекеме да салынууда. 

Жалпылап айтканда, жакынкы жылдары Балыкчынын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча бир нече ири долбоор ишке ашканы турат. Анын ичинде шаарга кире бериш жерди реконструкциялоо да бар. Буга чейин бул жерде чакан гана арка бар болчу. Учурда ал толук алынды. Анын ордуна «Ак Кеме» деген жазуусу бар жаңы арка коюлду, эми жанына толкундун элеси түшүрүлгөн фотозона коюлмакчы.