Учурда республика боюнча шайлоого байланыштуу ар кандай мыйзам бузуу фактылары боюнча 86 учур катталды. Бул тууралуу ИИМнин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Урмат Баялиев Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда тергөө органдарында 86 материал катталып, алар боюнча ар түрдүү мыйзам бузуулар аныкталган. Тергөө кызматкерлери материалдарды ыкчам карап чыгуу үстүндө. Эгерде материалда кылмыштын курамы болсо, кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Ал эми кылмыштын курамы болбогон учурларда материалдар БШКга жөнөтүлүп, алар айып салуу же эскертүү берүү чечимин чыгарат.
Алардын ичинен эки талапкерге байланыштуу добуш сатып алуу боюнча эки кылмыш иши бар. Бул материалдар толугу менен БШКга жөнөтүлүп, жоопко тартуу маселеси каралууда. Мындан тышкары, тергөө багытында да олуттуу иштер жүрүп жатат.