Президент: “Биздин эң башкы максатыбыз — мамлекеттин жаркын келечек ээлери – балдарыбызга татыктуу балалык тартуулоо”
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборун куруу үчүн мезгил кутусун салуу иш-чарасына катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Талас шаарынын урматтуу тургундары!
Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары!
Бүгүн биз Талас шаарынын өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган өзгөчө күндүн күбөсү болуп турабыз. Бир аздан соң бул жерге балдарга арналып курула турган заманбап оюн-зоок борборунун пайдубалын түптөө үчүн мезгил кутусун салабыз. 
Биз мезгил кутусу менен келечектеги урпактарыбызга үмүт-тилегибизди, бекем ишеничибизди калтырып жатабыз. Убакыт өтүп кайсы бир мезгилде бул кутуну ачканда биздин урпактар “ата-бабалар кийинки муун үчүн кам көрүшкөн экен” деп, ыраазычылыгын билдирет деген ойдомун. 
Урматтуу агайын-туугандар!
Биздин эң башкы максатыбыз — мамлекеттин жаркын келечек ээлери – балдарыбызга татыктуу балалык тартуулоо! Ар бир наристе — элдин эртеңки келечеги, ар бир баланын күлкүсү — өлкөнүн бакубат жашоосу болуп саналат. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт. Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат.
“Баластан” борборунда ар кандай атракциондор, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзүнчө оюн-зоок аймактары, заманбап кинотеатр жана сахна, конгресс залы, тамак-аш жайлары, эс алууга ылайыкташкан жашыл аймак жана башкаларды куруу мерчемделген. Ошондой эле Талас шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарт катары соода-сатык түйүндөрү да курулмакчы. Мындай объектилердин курулушу менен бир топ жумуш орундары да түзүлөт. 6,5 гектар аймакты ээлей турган бул борбордун курулушу Талас облусун өнүктүрүү фондунан каржыланарын кошумчалай кетейин. 
Адатта өлкө борборуна же чоң-чоң шаарлардын инфратүзүмүнө басым жасалат эмеспи. Бирок биз ар бир аймакта өнүгүүнү камсыз кылууга далалат кылып келебиз. Бардык облустарыбыздын, шаарларыбыздын дагы инфратүзүмү тегиз, ийгиликтүү өнүксө дейбиз.
Бүгүнкү күндө Талас шаарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча: “Манас-Ордо” тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо, шаардын борбордук паркын, аллеяларды жаңылоо, 5500 орундуу борбордук стадион куруу, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салына турган көп кабаттуу үйлөр жана башка бир катар долбоорлор каралууда. Мына ошолордун ичинде, тагыраак айтканда, Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары “Баластан” оюн-зоок борборун куруу турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот.
Урматтуу курулуш тармагын тейлеген мамлекеттик кызмат жетекчилери, курулуш жүргүзө турган мекеме ээлери!
Буюрса, сиздер Талас шаарына эс алуу, оюн-зоок жайын тартуулайсыздар. “Баластан” борбору ачылгандан кийин шаардыктар майрамдарда жана дем алыш күндөрү балдарын жетелеп, бирге эс алып, көңүл ачышат. Мындай маданий жана социалдык жайлар элдин туруктуулугун, биримдигин шарттайт, жашоого жагымдуу маанай жаратат.
Сиздердин ак ниет, жигердүү ишмердигиңиздердин аркасында балдарды кубанычка бөлөй турган борбор курулганы турат. Ошондуктан сапатка, коопсуздукка жана балдардын кызыгуусуна жооп берген жогорку деңгээлде курулуш жүргүзүүнү эсиңиздерден чыгарбаңыздар. 
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
“Баластан” борбору Талас облусунун балдарына арналган кубанычтын, жаркын үмүттүн жана сүйүүнүн белгиси. Аларды бактылуу, билимдүү жана ыйман-ынсаптуу мекенчил жаран болуп өстүрүп-жетилтүү үчүн бардык шарттарды түзөбүз. 
Бүгүнкү мезгил кутусун салуу иш-чарасында Талас шаарындагы ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырышын, ар бир ата-эне келечекке ишеним менен кароосун тилек кылам. Анткени элдин бакубаттуулугу балдардын бактылуу балалыгынан башталат. Мындан улам, таластык агайын-туугандарды келечек муун үчүн, алардын кубанычы жана өнүгүшү үчүн күч жумшоого чакырам. 
“Баластан” оюн-зоок борбору Таластын жаркын келечегине ачылган эшик болсун!
Кудай буюрса, бул оюн-зоок борбору сапаттуу, коопсуз, заман талабына ылайык жана ар бир балага кубаныч тартуулай турган жай болот. Бактылуу балалыгын дал ушул жайдан өткөргөн ар бир баланын көзүндө үмүттүн нуру жанып, жүрөгүндө Кыргызстан үчүн кызмат кылсам деген ой-кыял дегдетип турсун. 
 “Баластан” борборунда ар дайым балдардын күлкүсү жаңырсын!
Жараткан Таласыбызга өнүгүү, эл-журтубузга береке-кут берсин!“.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)