Ош шаарында опузалап пара талап кылган жактоочу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки жаран жактоочунун мыйзамсыз аракетине нааразы болуп УКМКга кайрылышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө жактоочу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча айыпталып жаткан жаранга юридикалык жардам көрсөтүү шылтоосу менен анын ишенимине кирген. Ал сот органдарында тааныштары бар экенин айтып, кылмыш ишин оң жагына чечип бере алам деп атайылап жаңылыштырган.
Жактоочу пробация түрүндөгү жаза дайындоо же жашы жете элек баласы бар экендигин эске алуу менен жазаны кийинкиге калтыруу маселесин “чечип берүүнү” убада кылып, бул үчүн 350 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
Бул факт боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 3-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө жактоочу Ош шаардык сотунун имаратында пара алып жаткан жеринен кармалган. Жеке тинтүү маалында ал пара катары алган акчаны өз ыктыяры менен тапшырган.
Учурда ал УКМКнын тергөө абагына камалып, тергөө иштери уланууда.