“Ажиотаж кылганды токтоткула!” Туманбаев жеке автомектептердин ээлерине эскертүү берди
Новость

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн, Фейсбук баракчасы аркылуу айдоочуларды окутуу мөөнөтү боюнча түз эфирде түшүндурмө берип,жеке автомектептердин жетекчилерине кайрылуу жасады. Ал айдоочуларды окутууда мыйзам бузуп, акчага билим саткан учурларды сынга алып, мындай көрүнүштөрдү токтотууга чакырды.

— “Жеке автомектептердин жетекчилерине кайрылып кетейин. Силер ажиотаж кылганды токтоткула! Мыйзамдын алдында баарыңыздар жооп бересиздер. Бүгүн силер туура эмес окутуп, коррупцияга малынып, акчага илимди-билимди сатканыңар үчүн канча деген жол кырсыктары катталып, жарандардын өмүрү кыйылып жатат”, — деди Туманбаев.

Статистика боюнча 2024-жылы өлкө боюнча 7423 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 514 адам каза болгон. Ал эми 2025-жылдын тогуз айында кырсыктардын саны 9078ге жетип, 636 адамдын өмүрүн алды. 1000ге жакын жаран ар кандай жаракат алып, айрымдары майып болуп калган.