Ысык-Көл облусуна караштуу Барскоон айылында бүгүн маанилүү маданий окуя болуп өттү — Махмуд Кашкари Барскарининин эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды.
Бул иш-чара көп жылдан бери пландалып келген долбоордун жыйынтыгы болуп саналат.
Айкел Түрк дүйнөсү муниципалитеттери биримдиги, Жети-Өгүз райондук администрациясы жана Түркиянын боордош шаары Багжылар муниципалитетинин кызматташтыгынын негизинде тургузулду.
Эстелик улуу түрк аалымынын элесин даңазалап, эки элдин достугунун жана маданий байланыштарынын дагы бир символуна айланды.


