Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча Түркиянын Кахраманмараш шаарына иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында төрага Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири болгон Кахраманмараштагы зер буюмдары өндүрүшү, заманбап технологиялары жана кол өнөрчүлүк салттары менен таанышты.
Алмамбет Шыкмаматов Кахраманмараш зергерлер палатасынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, кызматташуу, адистерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулады.
Төраганын айтымында, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте зергерлерди окутууга багытталган атайын факультет ачуу пландалууда.
Ал бул демилге өлкөнүн зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, продукциянын сапатын жогорулатып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтерин белгиледи.



