Кыргызстандагы тоңдурулган жемиштер дүйнөлүк базарды багынтууда. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын тоңдурулган жемиштерине болгон суроо-талап өсүп жатат. Кыргызстан 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстан 3,6 миң тоннадан ашуун тоңдурулган жемиштерди экспорттоду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 эсе көп.
Өлкөнүн тоңдурулган жемиштеринин негизги сатып алуучулары болуп Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр саналат. Анын ичинен Россия эң алдыңкы орунда турат.
Экспорттун негизги багыттары төмөнкүлөр:
- Россия – 2 268 тонна
- Түркия – 538,8 тонна
- Өзбекстан – 239,2 тонна
- Казакстан – 187,7 тонна
- Сербия – 176,9 тонна
- Польша – 120 тонна
- Болгария – 82 тонна
- Франция – 20 тонна