2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактардагы энелерге акчалай жардам берилет
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – калктын демографиялык өсүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда туруктуу жашаган энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмү каралган. Анын өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.