Нарын облусунда тоют даярдоо жана оруп-жыйноо өнөктүгү толук жыйынтыкталды. Быйыл аймак боюнча 29 миң 143 гектар жерге дан эгиндери айдалып, 63 миң 308 тонна түшүм жыйналды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миң 916 тоннага көп.
Мындан тышкары, 527 миң тоннадай тоют топтолуп, өткөн жылга караганда 26 миң 500 тоннага жогору болду. Ал эми 5 миң гектар жерге айдалган картошкадан 73 миң тонна түшүм алынган — бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 22 миң тоннага аз. Жашылчадан болсо 5 миң 580 тонна түшүм жыйналган.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын башчысы Самат Асаналиев билдиргендей, быйыл дан эгиндери менен тоюттун түшүмү жакшы болуп, дыйкандардын эмгеги акталды.
Анын айтымында, акыркы жылдары нарындык дыйкандар айыл чарбасына жаңылыктарды киргизип, мал чарбасында да сандан сапатка өтүүдө. Алсак, акыркы эки-үч жылда жүгөрүдөн чыктуу тоют камдашууда. Быйыл дагы облус боюнча 309 гектарга жүгөрү айдалып, 10 миң 791 тонна түшүм алынган. Ал эми ушул жылы жаңылык катары Ат-Башы районуна 200 гектарга суданка эгилип, андан 30 миң түк тоют камдалган.
Мындан тышкары, жазгы талаа жана оруп-жыйноо иштеринде мамлекет тарабынан 1 миң 726 тонна күйүүчү май арзандатылган баада — литри 65 сомдон берилген.

