Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 14–16-октябрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 32-отурумуна катышты.
Отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары, байкоочу катары Түркмөнстан Республикасы, КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлери, ошондой эле салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюму – Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин өкүлдөрү катышышты.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө Кыргызстанда салык инспекторунун ролу өзгөрүп жатканы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул кесип олуттуу өзгөрүүдө. Мурда салык инспектору көбүнчө көзөмөл жүргүзүүчү, текшерүүчү орган катары кабыл алынса, бүгүн ал мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө, финансы системасынын туруктуулугунун кепили жана бизнестин өнөктөшү катары калыптанууда.
"Тарыхта салык кызматкери мамлекеттин күч органдарынын өкүлү катары кабыл алынчу. Анын негизги милдети бюджетке кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу болгон, ал эми бул иш көп учурда технологиялар чектелген, салык төлөөчүлөрдүн ишеними төмөн шарттарда аткарылган. Бүгүн биз таптакыр башка доорду — диалогдун жана санариптик чечимдердин доорун көрүп жатабыз", — деди Салык кызматынын башчысы.
Ал Кыргызстанда электрондук кызматтар, онлайн-кассалар жана тобокелдиктерди талдоо системасы активдүү киргизилип жаткандыгын, бул өз кезегинде административдик жүктү азайтып, салык органдары менен ишкерлердин ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Россиядагы салык органдарынын санариптик трансформациясы КМШ өлкөлөрү үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана ыкчамдык деңгээли боюнча шыктандыруучу үлгү болуп саналат.
"Салык кызматынын башчысы келечектеги салык инспектору — бул жаңы типтеги адис экенин баса белгиледи. Ал эл аралык салык эрежелеринин татаал тутумундагы чоң маалыматтардын талдоочусу жана жол көрсөтүүчүсү, санариптик коопсуздуктун коргоочусу жана салык төлөөчүгө мыйзамды гана эмес, анын маңызын да түшүндүрүп бере алган коммуникатор болуп саналат. Салык тармагындагы боло турган жана учурда болуп жаткан башкы трансформация - бул салык инспекторунун "жазалоочу" эмес, бизнеске жана жаранга салык милдеттенмелерин аткарууда чынчыл жана ачык жолун табууга жардам берген жол көрсөткүч жана медиатор кызматкерге айланышы", — деп белгиледи Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов башкаруу, маалымат жана ыкчам маалымат алмашуу, салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү жана санарип чакырыктарга бирдиктүү ыкмалар КМШ өлкөлөрүнүн туруктуулугунун пайдубалы болорун кошумчалады.
“Салык кызматкери – бул универсал адис. Ал өлкө ичинде гана иштеп тим болбостон, эл аралык кызматташтыкта да негизги ролду ойнойт.
Салыктар – бул жөн гана сандар эмес, бул коомдук келишимдин символу. Салык инспектору — ушул келишимдин сактоочусу, мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимдин архитектору. Ал адам менен мамлекеттин, улуттук экономика менен глобалдык агымдардын, салттуу баалуулуктар менен санариптик келечектин кесилишинде турат”,-деп баса белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын башчысы.
Сөзүн жыйынтыктап жатып Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан салык инспекторлорунун жаңы философиясын – коркутууга жана жазалоого эмес, билимге, диалогго жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген жаңы философиясын калыптандырууга жигердүү катышууга ниеттенип жатканын билдирди.
“Бүгүнкү күчтүү салык кызматкери — бул эртеңки күчтүү мамлекет. Ал эми ишенимге жана кызматташтыкка бириккен күчтүү мамлекеттер — бүтүндөй аймактын келечегинин бекем пайдубалы”,-деп жыйынтыктады ал.