Жеке менчик автомектептерге лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды. Министрлер Кабинети айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизди.
Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечимдин максаты – айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатуу. Документке ылайык, 2025-жылдын 20-октябрынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин жаңы лицензия берилбейт. Мындай убактылуу тыюу салуу мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт. Бул токтомдун аткарылышын президенттин администрациясы көзөмөлдөй турган болду.