9 айда мамлекеттик бюджеттин кирешеси дээрлик 723 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 24 млрд сомго көп болду. План 103,4 %га аткарылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Касымалиев белгилегендей, мындай темпти сактап гана калбастан, мындан ары дагы күчөтүү зарыл.
“Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган салыктык кирешелер 211 млрд 971,9 млн сомду түзүп, пландан 9 млрд 192,2 млн сомго ашыкча чогулду, план 104,5 %га аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан топтолгон салыктык кирешелер 102 млрд 146,4 млн сомду түзүп, пландан 2 млрд 417,9 млн сомго жогору болду, план 102,4 %га аткарылды. 2024-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген түз инвестициялардын агымы 1 млрд АКШ долларынан ашты. Дүйнөлүк инвестициялар тууралуу докладга ылайык, 2024-жылы дүйнөлүк көлөмдөгү түз чет элдик инвестициялар 11%га кыскарган. Ушул шартта Кыргызстандагы көрсөткүч 22%дык өсүштү камсыздады. Бул тууралуу МинКаб Төрагасы белгиледи. Министрлер Кабинети бул багытка өзгөчө көңүл буруп келет. Бишкек шаары лидерлик позициясын сактап калды. Баткен облусунда инвестициялардын агымы 20 эседен ашык өстү. Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, инвестициялардын дээрлик 84% Бишкек шаарына, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарына туура келет. Бул инвестициялардын региондор боюнча бирдей тартылбаганын көрсөтүп турат”,-деди МинКаб төрагасы.
Ошондой эле 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы 562,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7 % га өстү. Учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгында инвестициялардын агымы төмөнкү секторлордо көбөйдү:
– кайра иштетүү өнөр жайы – өсүш 5,7 %;
– финансы сектору – өсүш 78,3 %;
– маалыматтык-коммуникациялык сектор – өсүш 62,9 %;
– пайдалуу кендерди казуу – өсүш 46,5 %;
– саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө – өсүш 2,3 эсеге.
Региондор боюнча:
Бишкек шаары лидерлик позициясын сактап калды – инвестициялар 240,4 млн АКШ долларын түзүп, бул Кыргызстанга келген жалпы инвестициялардын 42,7 %ын түзөт. Баткен облусунда инвестициялардын агымы 20 эседен ашык өстү, Нарын облусунда дээрлик 7 эсеге, Талас облусунда 55 %га, Ош облусунда 52 %га, ал эми Жалал-Абад облусунда 22 %га көбөйдү.
Инвестициялардын агымынын төмөндөшү Чүй облусунда
25 % азайды, Ош шаарында – 47 % аз.