Новость

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, 6-октябр күнү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда КР Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.