Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Элдик Курултай 22-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Мамлекеттик катчы башында турган курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.
Негизги өзгөчөлүк бул ирет Курултай “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга ылайык өткөрүлөт.
Учурда Мамлекеттик катчы төрагалык кылган курултайды өткөрүүгө кам көрүүчү уюштуруу комитети даярдык иштерин баштады. Курултайга жер -жерлерден шайланып келген 700 делегат катышат. Бул жолку өзгөчөлүк жергиликтүү курултай түшүнүгү киргизилди.
Тагыраагы курултайга катыша турган делегаттар мурдагыдай жергиликтүү бийлик тарабынан эмес эл өзү тандайт. Жергиликтүү бийлик, айылдык кеңеш, эгер шаар болсо муниципалдык аймактык башкармалыктар делегаттарды тандоо боюнча жыйындарды уюштуруп берүү гана милдетин аткарат.
Административдик аймактык реформага ылайык Курултайга катыша турган делегаттарга бөлүнгөн квоталарда да өзгөрүү бар. Маселен Бишкектин аймагы кеңейгендиктен борбордон мурдагыдай 60 эмес 72 делегат шайланып келет. Ал эми Чүй облусунан тескерисинче делегаттардын саны мурдагыдан азыраак.