28-сентябрда Бишкекте Борбор Азиядагы эң ири технологиялык иш-чара — «Стартап-Нация 2025» хакатону өтүп, 400дөн ашуун команданын ичинен финалга чыккан мыкты стартаптар аныкталды.
Эки күндүн ичинде 1700дөн ашык катышуучу инновациялык чечимдерди иштеп чыгып, ментордук сессияларга катышып, өз долбоорлорун эксперттик калыстарга сунушташты. Финал фестивалдын кульминациясы болуп, мыкты командалар аймактык IT-экосистеманын келечегин өзгөртө ала турган продуктулардын прототиптерин тааныштырышты.
“Бул хакатондогу питчдектердин сапаты жана идеялардын деңгээли өзгөчө таасир калтырды. Барган сайын көп долбоорлор англисче презентацияланып, глобалдык деңгээлге чыгууда. Биздин региондон эле инвесторлордун, анын ичинде Кремний өрөөнүндөгү ишкерлердин көңүлүн бурган ийгилик тарыхтары жаралып жатканы абдан кубандырат. Бул жерде да келечектеги лидерлерди көрүп турабыз деп ишенем. Катышуучуларга эскертип кетким келет: эгер бүгүн жеңүүчү боло албай калсаңыздар да, катышууңуздардын өзү эле чоң жеңиш. Эң негизгиси — компанияларыңызды кура бериңиздер, анткени ийгилик чыдамдуу адамдарга келет. Биз Accelerate Prosperity бул жолду колдоого даярбыз: хакатондордун форматын артта калтырган айрым командаларды биз түздөн-түз биздин инкубациялык программа Prosperity Cup’ка чакырабыз»,- деп белгиледи Accelerate Prosperityнин инвестициялык директору Даниэль Абдылдаев.
«Стартап-Нация — бул азыртан эле күчтүү бренд жана стартап экосистемасынын маанилүү бөлүгү! Эми сиздер дагы ушул тарыхтын бир бөлүгү болдуңуздар!»,-деп жеңүүчүлөрдү куттуктады хакатондун уюштуруучуларынын бири жана идеялык демилгечиси Дина Руслан.
«Бүгүн сиздерге өз гипотезаңарды акысыз жана оорутпай сынап көрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болду, ал келечекте перспективдүү стартапка айлануусу мүмкүн», — деп белгиледи хакатондун модератору жана коммуникация боюнча эксперт Нурайым Рыскулова.
«Стартап-Нация 2025» финалына 403 өтүнмөдөн 50 команда чыгып, өз долбоорлорун калыстар курамына сунушташты. Мына ошол командалардын арасынан хакатондун жеңүүчүлөрү аныкталды:
1-орун — Nova Bank
Fintech-marketplace, ал жасалма интеллекттин жардамы менен кардардын суроо-талаптары жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык оптималдуу насыялык чечимдерин тандайт.
2-орун — Unikurs AI
Тесттерге даярдануу үчүн жеке AI-копилот — студенттерге жана окуучуларга акылдуу жардамчы.
3-орун — Vakuum Team
AI-көз айнектер, деменция менен ооруган бейтаптарга күнүмдүк жашоодо жардам берип, кам көрүү жана коммуникацияны жеңилдетет.
Хакатондун расмий өнөктөшү — Кыргыз Республикасынын Жогорку Технологиялар Паркы, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн AI-көз айнектерди иштеп чыккан Sound Vision стартапын тандады. Команда Dive Into Silicon Valley программасынын алкагында Кремний өрөөнүнө барууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алды.
«Жыл сайын «Стартап-Нация» жаңы рекорддорду коюуда — катышуучулардын, идеялардын жана күчтүү командалардын саны өсүүдө. Бул жылы дагы көп таланттуу фаундерлерди көрдүк, жана биз эң көбүрөөк аларга ишенебиз: күчтүү негиздөөчү өз идеясын адаптациялап, өнүктүрө алат. Биз үчүн, Жогорку Технологиялар Паркы катары, мындай демилгелерди колдоп, стартаптарга глобалдык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк берүү маанилүү. Башкы сыйлыктардын бири — Dive into Silicon Valley программасы боюнча Кремний өрөөнүнө сапар — жеңүүчүлөр үчүн дүйнөлүк экосистемага терезе ачат»,-деп белгиледи Жогорку Технологиялар Парк КРнин директорунун орун басары Чубак Темиров.
«Биздин долбоор адамдарга насыяларды тезирээк жана ыңгайлуу алуу мүмкүнчүлүгүн берет — бардык банктарды кыдыруунун зарылдыгы жок, жөн гана онлайн эң жакшы сунуштарды тандаса болот. Мен ишенем, бул идея Кыргызстандын гана эмес, бүт СНГ аймагына да чоң пайда алып келет. «Стартап-Нацияда» жеңүү мен үчүн биз туура багытта жылып жатканыбызды тастыктады. Уюштуруу жогорку деңгээлде болду, жана муну ишке ашырган бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Келерки катышуучуларга айткым келет: коркпоңуздар, идеяңыздарга ишенесиздер жана аны дүйнөгө көрсөтүңүздөр», — деди Nova Bank стартапынын негиздөөчүсү.
«Биздин долбоор The Memory — бул Альцгеймер оорусу жана аутизм менен ооруган адамдарга үн аркылуу жардам берип, маанилүү эскерүүлөрдү сактап, кыйын учурларда кайра эске салуучу көз айнектер. Биз үчүн «Стартап-Нацияга» катышуу баа жеткис тажрыйба болду: күчтүү менторлордон кеңеш алдык жана калыстардан пикир түзүлдү. Бул жолку хакатондо үчүнчү орунду ээлеп, алдыга умтулууга шыктандык. Келерки катышуучуларга айткым келет — коркпоңуздар, идеяларыңызды ишке ашырыңыздар, анткени мындай аянтчалар күчтү сынап, потенциалыңызды ачууга жардам берет», — деди Vacuum Team (стартап The Memory) негиздөөчүсү.
Хакатон жүздөгөн студенттерди, жаш адистерди, ишкерлерди, программисттерди жана дизайнерлерди бириктирди. Бул жылы катышуу рекорддук көрсөткүчкө жетти. Жалпы катышуучулардын саны 403. Алар Кыргызстандан жана чет өлкөдөн келген 15тен ашык менторлор менен иштөө уникалдуу тажрыйба экенин белгилешти, ошондой эле Стартап-Аллеяда өз долбоорлорун көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышты, ал жерде инвесторлор, бизнес коомчулугу жана потенциалдуу кардарлар болду.
«Стартап-Нация» хакатону — бул жыл сайын өткөрүлүүчү технологиялык иш-чара, уюштуруучулары Codify компаниялар тобу жана Accelerate Prosperity бизнес-акселератору болуп саналат, Борбор Азияда инклюзивдүү жашыл өнүгүү боюнча Британия Программасынын колдоосу менен (Британия өкмөтү жана Ага Хан фонду тарабынан софинансаланып), Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги (МЦРИТ) жана Virtual Accelerate (VA) платформасы катышат. Өнөктөштөрү — Кыргыз Республикасынын Жогорку Технологиялар Паркы (ПВТ) жана Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (АУЦА).
Медиа өнөктөштөрү — The Tech, Namba Media, Prisma, Lalafo, Limon.