17 жаштагы Айсулуунун өлүмүнө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов “Кабар” агенттигине билдирди.
Макиловдун айтымында, бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери учурунда дагы башка беренелер кошулат.
“Шектүү Кылмыш-жаза кодесинин 122-беренеси - “Адам өлтүрүү” боюнча жазага тартылышы мүмкүн. Коомчулукта “Адам өлтүрүү” беренеси менен эле кылмыш иши козголдубу деген суроо жаралышы ыктымал. Ошол себептен мен түшүндүрүп кетет элем, кылмыш иши ушул берене менен козголду. Эми тергөө иштери эки айга созулат. Экспертизага жараша бул мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн. Зордукталды деп да айтылды, бул дагы өзүнчө берене менен кошулат. Бул эки айдын ичинде бир нече беренелер коюлуп, анан соң сотко кетет. Далилдерге ылайык, толугу менне укуктук баа берилет”, - деди ал.