Айсулуунун өлүмү тууралуу жалган маалымат тараткан жаранга иш козголду
Новость

Айсулуунун өлүмү тууралуу жалган маалымат тараткан Нарынбек уулу Сыймык ИИМ тарабынан кармалды.

Маалыматка караганда, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, (пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо боюнча) кылмыш иши козголду.

Нарынбек уулу Сыймык мыйзамда белгиленген тартипте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды ведомствонун расмий булактарында жарыяланган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.