Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты бир катар эл аралык уюмдар менен Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду:
- Бангладеш Этноспорт Эл аралык Ассоциациясы, документке Ассоциациянын президенти мырза МД Аль Мамун кол койду;
- Азербайжандын Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясы, документке президент мырза Казым Ханлар оглы Гурбанов кол койду;
- Беларусиянын Салттуу күрөш түрлөрү коомдук бирикмеси, документке жооптуу катчы мырза Шараев Александр Иванович кол койду;
- Индиянын Салттуу күрөш жана панкратион федерациясы, документке президент мырза Омармухтар Чандпаша Тамболи кол койду;
- Индонезиянын Бел боо спорт түрлөрү федерациясы, документке төрага мырза Яхья Маджид кол койду;
- Италиянын Кураш жана салттуу күрөш түрлөрү федерациясы, документке президент мырза Витторио Гиорги кол койду;
- Мадагаскар Бириккен күрөш федерациясы, документке президент Равелосон Нестор Мамитиана кол койду;
- Филиппиндин Салттуу спорт жана оюндар федерациясы, документке президент мырза Ронилдо А. Палмера кол койду;
- Польша Салттуу биркөруш федерациясы, документке жетекчи мырза Андрзеж Гржегоржек кол койду;
АКШнын Салттуу спорт жана оюндар ассоциациясы, документке президент Аарон Скотт Вендел кол койду.
Келишимге ылайык:
• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте Оюнга катыша турган улуттук делегацияны – спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн түзүүгө ыйгарым укуктуу;
• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүндө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Эл аралык секретариатынын кызыкчылыктарын чагылдыруу менен биргеликте, делегациянын катышуусун жана аккредитациясын уюштурууну камсыз кылышат;
• Өнөктөштөр өз өлкөлөрүнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен биргеликте делегацияны- спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн авиабилет, бирдиктүү форма жана тиешелүү логистика менен камсыздоо үчүн каражат тартуу боюнча милдеттенмелерди алышат.
Мындай келишимдерди түзүү- “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын” өнүктүрүүдөгү негизги кадам болуп саналат. Ал туруктуу эл аралык кызматташууну көрсөтүп, ишенимдүү жана сыноодон өткөн өнөктөштөрдүн негизинде оюнга катышуучу мамлекеттердин системасын түзөт.
Келишимдер- бул системалуу ыкманын куралы, анда ар бир өнөктөш-мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында татыктуу көрсөтө алуусу үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган авторитеттүү уюмдар аркылуу процесске тартылат.