Президент Айсулуунун өлүмү боюнча тергөө ишин өз көзөмөлүнө алды
Новость

Президент Садыр Жапаров өспүрүм кыз Айсулуунун мыкаачылык менен киши колдуу болушуна байланышкан кылмыш ишинин тергелишин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтмында, бул кылмыш тууралуу кабарды Мамлекет башчысы терең өкүнүч менен кабыл алып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуянын жоопкерсиз калбашы зарыл экенин белгиледи.

“Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды Мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда, Мамлекет башчысы Президенттик Администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда”,-деп жазган Аскат Алагөзов.