Бүгүн, 1-октябрда абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда жана Өтмөк, Төө-Ашуу сыяктуу ашууларда кар жаап жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө кызматтары өз аймактарын көзөмөлдөп, зарыл учурда жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда каттам бар, жолдор ачык.
Министрлик туруксуз аба ырайына жана 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерине байланыштуу айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга убагында алмаштырууга, каршы тилкеге чыкпоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.