Шашылыш кабар! Октябрь айы жаан, кар жана үшүк менен башталат
Новость

Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 1-2-октябрда айрым жерлерде жаан катуу жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт.

1-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Абанын температурасы төмөндөйт.

Күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.