Бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жолугушту.
Иш-чарага чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Жолугушууда тараптар чек араны делимитациялоонун жыйынтыгы менен алмашуу пландаштырылган айыл аймактарынын тургундарын көчүрүү маселелерин, чек ара сызыгын демаркациялоо иштерин, ошондой эле короо-жайларды, бак-дарактарды жана коммерциялык объекттерди тазалоо боюнча чараларды талкуулашты. Мындан тышкары, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча да макулдашылды.
Ошондой эле чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту сактоо, жергиликтүү тургундардын ортосундагы коңшулук мамилелерди чыңдоо жана ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантуу чечими кабыл алынды.