Жалал-Абадда жалган УКМК кызматкери кармалды
Новость

Сузак районундагы Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган жаран кармалды.

Ал өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеп, өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен байланыш бар экенин көрсөткөн. Кылмышка шектүү карызды кайтарууну талап кылган кишиге жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, кысым жасаган.

Кармалган учурда автоунаасынан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүдөй жасалма буюмдар табылган.

УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы шылуундун аракетинен жабыркашы мүмкүн болгон жарандарды 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууга чакырат.

Мекеме жарандарды финансылык же башка материалдык жардам көрсөтүү максатында алдап жүргөн шылуундарга ишенбөөгө үндөйт.