Талас шаарында жаңы ипотекалык үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Учурда экинчи кабатта иштер уланууда.
Турак жайда суук түшкөнчө бардык жылытуу системалары толугу менен бүткөрүлөт. Буга чейин жер төлөдөгү коммерциялык бөлүктүн жылытуу системасы жасалып бүттү. Муну менен катар электр монтаждоо жана шыбак иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле үйлөрдүн чатырын жабуу боюнча акыркы жумуштар да башталды.
Курулушчу топтун башчысы Куттубек Шамановдун айтымында, иштер мерчемделген план боюнча жүрүп жатат. Курулуш материалдары убагында камсыздалып, техникалар жана жумушчу күч да жетиштүү.
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекси 5 кабаттуу, 11 блоктон турат. Жалпысынан 1, 2 жана 3 бөлмөлүү 319 батир каралган. Курулуш толугу менен мамлекеттин эсебинен каржыланып, келерки жазда аяктары күтүлүүдө. Ошондой эле шаарда ушул эле долбоордун алкагында кошумча дагы 5 блок үйдү куруу үчүн жер пайы даярдалууда.