Медицинадагы секирик: Кыргызстанда орган алмаштыруу жаңы баскычка чыкты
Новость

Бөйрөк оорулары менен күрөшүп келген Калысбек Абдыкадыр уулу үч жылдан ашык убакыттан бери гемодиализ алып жүргөн. Ал мамлекет тарабынан акысыз бөйрөк алмаштыруу операциялары Кыргызстанда да жасалып жатканын угуп, дароо керектүү документтерди топтоп, атайын анализдерден өткөн. Ага бир тууган карындашы донор болуп, бөйрөгүн берүүгө макулдук берген.

Бөйрөк алмаштыруу операциясында эң маанилүү шарт – донор менен бейтаптын генетикалык окшоштугун так текшерүү. Бул үчүн бир нече лабораторияда кошумча анализдер да жүргүзүлөт. Генетикалык окшоштук дал келген учурда гана операцияга уруксат берилет.

Дарыгерлер мындай оор операцияларды лапароскопиялык ыкма аркылуу жүргүзүшүүдө. Бул бейтаптын организмине минималдуу жараат келтирип, анын тезирээк сакайышына шарт түзөт. Дал ушул багытта адистер атайын окуудан өтүп, тажрыйба топтошкон.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2024-жылдан бери акысыз бөйрөк алмаштыруу боюнча 35 операция ийгиликтүү аяктаган. Ошондой эле бул борбордо жылына 4 миңден ашык адам акысыз гемодиализ алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Мурда бул шарт жылына болгону 500 кишиге гана жеткиликтүү болгон.

Бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операциялар Кыргызстанда жеткиликтүү болуп жатканы – медицина тармагындагы олуттуу жетишкендиктердин бири. Бул кадам жарандардын өмүрүнө жаңы үмүт берип, сапаттуу дарылоону өлкөнүн ичинде алууга шарт түзүүдө.