Ошто УТРКнын заманбап студиясы ачылды
Новость


Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) жаңы заманбап телестудиясы ишке кирди. Бул студия УТРК менен Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) биргелешкен долбоорунун негизинде курулду.

Ачылыш аземине УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, УТРКнын  контент жана техникалык багыттагы орун басарлары, ЖМК өкүлдөрү жана журналистика факультетинин студенттери катышты.

Жаңы студия акыркы үлгүдөгү аудио-видео жабдуулар жана жарыктандыруучу техникалар менен толук камсыздалган. Эфирдик жабдууларды жана техникалык камсыздоону УТРК өз каражатынын эсебинен орнотсо, студиянын ички жасалгасын ОшМУ аткарды.

Бул борбордун ишке кириши менен УТРКнын Ош телеканалы аймактык жаңылыктарды жана ар түрдүү берүүлөрдү жогорку сапатта даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле ОшМУнун журналистика факультетинин студенттери түз эфирдеги долбоорлорду иштеп чыгып, практикалык тажрыйбасын өркүндөтө алышат.

Эске салсак, 2023-жылы УТРК менен ОшМУ кызматташтык келишимине кол коюп, биргелешкен телестудия түзүү тууралуу макулдашкан. Бүгүнкү ачылыш ошол келишимдин алгачкы чоң жемиши болуп калды.