Президенттин атын жамынган алдамчылардан этият болуңуз!
Новость

"Социалдык тармактарда кээ бир алдамчылардын азыноолак кошумчасы менен карыз берүүнү сунуштаган жарнамалар жүрүүдө. Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы",- деп билдирди президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов.

Анын айтымында, алдамчылар адамдарды ишендирүү үчүн жарнамага президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонууда.

 “Алар президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, азыноолак кошумча менен карыз берүүнү сунуштап, бул ишти мамлекеттик долбоор катары көрсөтүп жаткан учурлар катталды. Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз. Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы. Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!”,-деген ал.