Ат-Башы районунда социалдык келишим долбоору менен алектенген үй-бүлөлөрдүн бизнес форуму өттү. Форум Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
Перизат Кемелова 2022-жылы 100 миң сом алып, кондитер азыктарын жасоо үчүн электр мешин сатып алган. Даярдаган азыктарын райондогу дүкөндөргө таратып, тез эле жогорку суроо-талапка ээ болгон. Андан соң райондун Талды-Суу, Өзгөрүш жана 1-Май айылдарынан сүт алып, сүт азыктарын даярдай баштаган. Учурда ал сүттү кайра иштетүү жана кондитер азыктары менен эки багытта ишкерлик кылып, жылдык кирешесин бир миллион сомго жеткирген.
Форум алкагында долбоор менен ишкерлик баштагандар өндүргөн продукцияларын көргөзмөгө коюп, тажырыйба алмашуу болду.
Быйыл район боюнча 173 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, алардын 123ү каражатын алган. Маалыматка караганда, учурда дагы райондо жөлөк пул алуучу 669 аз камсыз үй-бүлө бар.