Садыр Жапаров: Тоо экосистемасын сактоо – бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги
Новость

“Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептейт”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгиледи.

Ал өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууда өткөн жумада Үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салым боюнча документ кабыл алганын белгилеп өттү. Анда парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана адаптациялоо, анын ичинде суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, “жашыл” транспортту жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата адаттагыдай иш сценарийи боюнча эмиссиялардын деңгээлин 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну мерчемдеп жатканын өзгөчө белгиледи.

Президент бул максаттарды ишке ашыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.

Мамлекет башчысы мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле өлкөдө каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берди. 

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы инвесторлорду биздин "жашыл" долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырды.

“Тоолор адамзатты азык-түлүк, биотүрдүүлүк жана энергия сыяктуу жашоо үчүн зарыл болгон экосистемалык кызматтар менен камсыздайт.
Ал эми тоолордон башталган дарыялар эки миллиардга жакын адамдын жашоосуна шарт түзөт”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. 

Ошону менен бирге Президент тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирлерге дуушар болуп жатканына көңүл бурду. 

Мындай учурда ал Кыргызстан тоолуу аймактардын жана климаттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири эл аралык өнөктөштүккө бекем берилгендигин ырастады жана өлкөлөрдү “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды. 

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан тоо жана климат маселелери боюнча диалогду Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында улантууну кош колдоп колдой турганын билдирди. Ал ошондой эле тоо экосистемасын сактоо жана жалпы адамзаттын келечегин камсыз кылуу үчүн биргеликте глобалдык жылуулуктун алдын алышыбыз зарыл деп өзгөчө белгиледи.