Садыр Жапаров Португалиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды. 

Президент Садыр Жапаров көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза диалогго даярдыгын билдирди. Ал Португалия эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин ырастап, көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. 

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого ишеним билдиришти.