Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында Камчыбек Ташиев 2025-жылдын 20-январында күчүнө кирген «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына карабастан, айрым жетекчилер тарабынан көзөмөлдүн начардыгы, түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринин жүргүзүлбөгөнү, ошондой эле кадрларды иштин аялуу жерлерине дайындоо маселеси чоң көйгөй бойдон калып жатканын белгиледи.
Кеңешменин негизги темасы Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети болду. УКМКнын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жана Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган.
Тактап айтканда, аталган органдардын кызматкерлери ортомчулар аркылуу жалган документтерди колдонуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз алып кирүү (контрабанда) схемасын түзүшкөн. Бул максатта «Жорго ТД» ЖЧКсы жана «Радиант» ЖЧКсы катталып, кызматкерлерге паралар «М-Банк» интернет капчыгы аркылуу жана накталай берилген.
18-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс далилдер алынып, жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери, Транспорт министрлигине караштуу Салмак-габариттик инспекциянын 4 кызматкери кармалды.
Маалыматка караганда, ар бир оор жүк ташуучу унаа үчүн ортомчулар 1500 – 2000 долларга чейин акча алышкан. Ал эми мамлекеттик органдардын кызматкерлери 5 – 7 миң сом өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы чогултуп турушкан. Күн сайын болжол менен 80 миң сомго жакын акча мыйзамсыз топтолуп турган.
УКМК бул схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджетке миллиондогон сом зыян келтирилгенин белгиледи. Ошондой эле «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» өткөрмө пункттарында да ушул сыяктуу фактылар аныкталып жатканы айтылды.
Камчыбек Ташиев бардык күнөөлүү кызматкерлерди иштен бошотууну, мүлктөрүн камакка алууну, кошумча тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүп, жаңы шектүүлөрдү аныктап, камакка алууну тапшырды. Ошондой эле тиешелүү жетекчилердин кызмат ордун кароо сунушталды.