Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды
Новость

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев бүгүн 7 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Маалыматка караганда, Гүлнура Саламатова үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер жана мурдагы жолдошунун спирт ичимдиктерин көп ичүүсүнөн улам ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал «Аялзат» аялдар жана балдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, учурда 7 баласы менен ошол жерде убактылуу жашап келет.

Он айлык наристеси бар болгонуна байланыштуу Саламатова ишке орношо албай, ижара акысын төлөй турган мүмкүнчүлүгү болбой калган. Ошондуктан ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөнүн турмуштук кыйынчылыктарын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү максатында эки бөлмөлүү турак жай белек кылды.

Ачкычты тапшыруу учурунда К.Ташиев Г.Саламатовага жана анын балдарына бекем ден соолук жана жаркын келечек каалады.

Өз кезегинде Саламатова көп жылдардан бери муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн генерал-полковник Камчыбек Кашкарбаевич Ташиевге терең ыраазычылыгын билдирди.