Эми кардарлар көмүр сатып алууда электрондук кезек системасы аркылуу тартиптүү тейленишүүдө. Мурда сатуу жайларында айдоочулар бири-бирин ашып өтүп, кезек бузуу жана пикир келишпестиктер көп кездешчү.
Жаңы система ар бир кардарга банктар аркылуу берилген электрондук талон негизинде өз кезеги менен көмүр сатып алууга шарт түзөт. Бул ыкма тартипти камсыз кылып, кардарлардын укуктарын коргойт жана сатуу процессин адилет жүргүзүүгө өбөлгө болот.
Электрондук кезектин артыкчылыктары:
- кезек талаш жана тартипсиздикти жоёт;
- сатуу процессин ачык-айкын кылат;
- кардарлар үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздайт.
Жаңы ыкма көмүр сатууну натыйжалуу уюштурууга жана кардарлардын канааттануусун жогорулатууга өбөлгө болду.