Өзгөчө ири алдамчылык менен мурдагы депутат кармалды
Новость

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору С.У.Ч. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен А.А. аттуу жаран үлүштүк катышуу келишимин түзүшкөн. Келишимдин негизинде А.А. курулуш үчүн Ош шаарындагы 45 сотых жер тилкесин берген.

Документте каралгандай, курулуш компаниясы көп кабаттуу турак үйдү бүткөндөн кийин анын жалпы аянтынын 2750 чарчы метр бөлүгүн А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок, С.У.Ч. өзүнүн кызматтык жана таасирдүү абалын колдонуп, милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өзүнүн атына каттатып алган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында мурдагы депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна («өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») ылайык айып тагылды. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 13.17.06.jpeg 144.85 KB