25-сентябрдан тарта борбор калаада жаңы келген электробустар шаар ичиндеги каттамдарга чыга баштарын бүгүн Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарга электробустар чыгарылат. Андан соң №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичине пландаштырылууда.
№66 жана №33 каттамдар шаар ичине жаңы киргизилген багыттар, 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
2025-жылдын башында Кытай Эл Республикасынан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.