Элге 5 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү
Новость

Каржы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерди колдоо максатында “Керектөөчү насыя” аталышындагы долбоорун ишке ашырууда.

Натыйжада пайыздык чен жылына 17 пайызга чейин төмөндөдү. Долбоорго ылайык мындай жеңилдетилген насыяларды ишкерлер эле эмес, жөнөкөй жарандар да алса болорун Ишкердикти өнүктүрүү фондунун Насыя бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сакенов бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, жеңилдетилген насыяны 18-65 жашка чейинки жарандар ала алат. Насыя 30 миң сомдон баштап 5 миллион сомго чейин берилет. “Жарандар  үстөк пайызы төмөн насыяга кааласа унаа, кааласа батир алса болот. Ал тургай башка банктан алынган насыяны жабууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн”, - деди Чыңгыз Сакенов. 

Насыя алууну каалагандар 0559 95 67 99 номери аркылуу кайрылса болот.

Гулнура Сманбекова