24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, бул күндөрү аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөйт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.