Лейлектик дыйкан «Филин» пиязынан 113 тонна түшүм алып, 1,5 млн. сом пайда көрдү
Новость

Лейлек районунун дыйканы Сейитбек Полотов быйыл 2 гектар аянтка “Филин” сортундагы пияз эгип, 113 тонна түшүм жыйнап алды. Анын жыйынтыгында дыйкан 1,5 миллион сомго жакын киреше тапты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Бул ийгилик «3+2+1» программасынын алкагында ишке ашып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан үрөн, жер иштетүү жана агротехникалык жактан жардам көрсөтүлгөн.

«Филин» сорту төмөнкү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат:

  • калың кабыгы бар болгондуктан суукка чыдамдуу келет;
  • августтун акыркы он күндүгүндө эгилип, кийинки жылдын июнь айында жыйналат;
  • узак убакытка чейин сактоого ыңгайлуу жана базарда суроо-талап жогору бойдон калат.

Экономикалык эсептөөлөргө ылайык, быйыл бир килограмм пияздын өздүк наркы орточо 5–6 сомду түзсө, базардагы дүң баасы 24 сомго чейин жетти. Бул дыйкандарга кирешени кыйла көбөйтүүгө шарт түздү.

Азыркы тапта Лейлекте өстүрүлгөн пияз ички керектөөнү камсыз кылуу менен катар Россияга, Казакстанга жана башка коңшу мамлекеттерге экспорттолууда.

Айыл чарба тармагындагы мындай ийгиликтер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана дыйкандардын кирешесин жогорулатууга олуттуу салым кошууда.