Курулуштагы каргаша: Бишкекте үч адамдын өмүрү кыйылды
Новость

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан «НБ» ЖЧКсынын имаратында 22-сентябрда бетон аралаштыргыч мунара орнотуу учурунда кулап, имараттын ичиндеги жумушчуларды басып калган.

ӨКМ куткаруучулары жана милиция кызматкерлери урандылардын астынан үч жумушчунун сөөгүн алып чыгышкан. Алардын баары чет элдик жарандар экени аныкталды: Н.Б. аттуу уста, Ж.А. аттуу оператор жана К.Э. аттуу экинчи оператор. 

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси («Курулуш жана башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары А.А., И.И. жана Л.В. аттуу жарандар кармалып, тергөө иштери улантылып жатат.