Кыргызстанда чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши 1-октябрда токтоп, андан соң аларды өлкө ичинде айдоого тыюу салынат.
Бул тууралуу бүгүн УТРК курамындагы “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын башчысы Руслан Тыналиев билдирди. Анын айтымында, 2-октябрдан тарта өлкө аймагында рейддер жүрүп, мыйзамдаштырылбаган чет элдик номурлуу автоунаалар атайын токтотмо жайларга жеткирилет. Мындай учурда унааны баштапкы кожоюну - Армения же Орусиянын жараны гана чыгарып кете алат.
Кыргызстанда быйыл 1-апрелден тарта чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталып, аларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилүүдө. Бул аралыкта өлкөгө буга чейин Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 14 602 автоунаа мыйзамдаштырылды.
Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.