Жалал-Абадда аскер кызматкери кармалды
Новость

Жалал-Абад облусунда Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн, 22-сентябрда УКМКдан кабарлады.
 
Маалыматка караганда, ал Сузак райондук аскер комиссариатынын кызматкери болуп иштеп турганда үч жарандан 83 миң сом алып, алардын балдарын альтернативдик кызматка чакырууну убадалаган.

Аталган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык») менен иш козголуп, кармалды.
Шектүү Жалал-Абад шаарындагы СИЗОго киргизилди.